Санарип Инсан Cтартап конкурсу

Үстүбүздөгү жылдын 26-июлунда “Санарип Инсан” долбоору стартап конкурсун жарыялады. 

START-UP төмөнкү багыттар боюнча жарыяланды:

  •  IT чечимдери: санариптик платформалардын негизинде социалдык жана туристтик кызматтарды түзүү;
  • Билим берүү тармагы: билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга жана санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө даярдоо;
  • Электрондук бизнес: сатуунун деңгээлин жогорулатуу, маркетингди оптималдаштыруу, кардарларды тейлөөнү жакшыртуу, электрондук-бизнес чөйрөсүндөгү бизнес-долбоорлор;
  • Жасалма интеллект: жасалма интеллект платформаларынын негизинде бизнес-долбоорлор.

Конкурс тууралуу толук маалымат берүү жана инстаграм баракчабызга келген суроолорго жооп берүү максатында 4-августта маалыматтык сессия уюштурууну чечтик.

Маалыматтык сессия бир саатка чейин созулуп, катышуучулардан келген бардык суроолорго жооп берилди.