“Санарип Инсан” долбоорунун окутуулары Нарын облусунда

Нарын Кыргызстандын эң чоң жана тоолуу аймагы болуп саналат. Калкынын саны 300 миңге жакын. Климатынын катаалдыгына байланыштуу көпчүлүк тургундар мал чарбасы менен алектенишет, жаш муундар жумушсуздуктун айынан чет өлкөгө жумуш издеп кетүүгө аргасыз.  Акыркы мезгилде бул аймакка туристтеридин кызыгуусу барган сайын артып бара жатканын байкоого болот. Бул өз кезегинде конок үйлөрүнүн көбөйүүсүнө шарт түзүүдө.  Бирок,  бардык эле конок үйлөрүнүн ээлери бизнестерин өнүктүрүү үчүн, интернет айдыңында кызматтарын сатууда заманбап санарип көндүмдөрдү колдонууну билишпейт. Демек, жумушсуздукту азайтуу, жаштар, кыз-келиндер, мигранттарды өз өлкөсүндө жумуш менен камсыз кылууда санарип сабаттуулуктун мааниси чоң. Ошол себептен, “Санарип Инсан” долбоорунун окутуулары Нарын облусунда.

17-18-ноябрь күндөрү Евробиримдик тарабынан каржыланган “Жаштардын бирдей мүмкүнчүлүктөрүн жана туруктуулугун илгерилетүү” ( Санарип Инсан) долбоору Нарын облусунда кезектеги тренингин өткөрдү. Ага 20дай жаштар, кыз-келиндер, жалгыз бой энелер катышып, туризм тармагына тиешелүү жана санарип кесиптер боюнча санариптик көндүмдөрүн жогорулатышты. Бул иш-чараны  “Аялдар арасында ишкердүүлүктү өнүктүрүү фонду (She Starts)” коомдук бирикмеси аткарууда.

Бул окутууларда өлкөгө ылайыкташтырылган MISTT методологиясы колдонулууда. MISTT (Mobile Internet Skills Training Tools) методологиясы – бул мобилдик интернеттин негизги көндүмдөрүн үйрөтүүчү колдонмо.

Окутуунун биринчи күнү (17-ноябрь) катышуучулар СММ туралуу маалымат алып, аны бизнесте туура пайдалануу жолдору менен таанышышты. Катышуучулар иш жүзүндө Facebook, Instagram, Tik-Tok платформаларын, ошону менен катар Google статистика, WhatsApp, Telegram месенджерлери менен иштөөнү да үйрөнүштү. Жыйынтыгында ар бир катышуучу социалдык тармактарда баракчаларын түзүп, аларды месенджерлер менен байланыштырып, шилтемелерди жөнөткөндү өздөштүрүүгө жетишишти.

Тренингдин экинчи күнү катышуучуларга туризм жана ага түздөн-түз тиешелүү: Google; Airbnb; Tripadvisor; Booking.com ж.б.у.с. платформалары тууралуу айтылып, иш жүзүндө колдонуу ыкмалары үйрөтүлдү.

Эки күндүк тренингдин жыйынтыгы менен катышуучуларга сертификаттар ыйгарылды. Нарын облусундагы тренинг тууралуу аймактык телевидение “Нарын ТВ”нын Youtube каналынан төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп, көрө аласыздар:  https://youtu.be/ROx22pH9TiU

“Санарип Инсан” долбоору окутуу кербенин өлкөбүздүн башка аймактарында улантат.