“Санарип Инсан” жылдын мыкты долбоору деп аталды

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Санарип Инсан» долбоорун элет жаштарына санариптик көндүмдөрдү жана ага байланыштуу практикалык терингдерди өтүү аркылуу алардын экономикалык бакубаттуулугун жогорулатуудагы эң мыкты долбоор деп тапты.

Санарип Инсан долбоору- жаштардын, кыз-келиндердин, мигранттардын жана алыскы аймактарда жашаган тургундардын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу максатындагы долбоор. Атап айтканда, санариптик платформаларды колдонууну, социалдык медианын функцияларын үйрөнүүнү, санарип финансылык колдонмолорду, онлайн коммерция жана ишкердик кылууда маалымат технологиясын колдонуу жана жашыл экономика аркылуу туруктуу өнүгүү жолдорун сунуш кылат. Долбоорду Евробиримдиктин колдоосу менен European Neighborhood Council жана Интернет коомунун Кыргыз бөлүмү ишке ашырууда.