Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык мыйзамдарына санариптик далилдерди интеграциялооунун укуктук маселелери

Юридические вопросы интеграции цифровых доказательств в уголовное процессуальное законодательство

Изилдөөнүн негизги максаты санариптик далилдердин укуктук табиятын, алардын юридикалык жактан маанилүү өзгөчөлүктөрүн комплекстүү изилдөө, ошондой эле Киберкоопсуздук Стратегиясынын талаптарына ылайык Кыргыз Республикасынын жазык сот адилеттиги системасында аларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды түзүү болуп саналат.

Жогоруда айтылган максаттарга жетүү үчүн изилдөөнүн алкагында төмөнкү милдеттер коюлган:

  1. санариптик далилдердин концепциясынын теориялык негиздерин жана укуктук табиятын изилдөө, санариптик далилдердин юридикалык маанилүү белгилерин жана аларды пайдалануунун жалпы таанылган стандарттарын аныктоо;
  2. санариптик далилдерди колдонуу боюнча жазык-процесстик мыйзамдарга жана укук колдонуу практикасына талдоо жүргүзүү;
  3. санариптик далилдер менен иштөө үчүн адистин жана эксперттин атайын билимдерин колдонуунун өзгөчөлүктөрүн изилдөө;
  4. санариптик далилдерди Кыргыз Республикасынын жазык-процесстик мыйзамдарына интеграциялоонун укуктук маселелерин кароо.

Жогорудагы милдеттердин ар биринин алкагында биз негизги тыянактардын жана корутундулардын кыскача баяндамасын, ошондой эле андан ары карап чыгуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды бердик. Изилдөөнүн практикалык натыйжасы катары Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын кароосуна сунушталган ченемдик-укуктук документтердин долбоорлорун иштеп чыктык.

Бул изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, биз төмөнкүлөрдү айта алабыз:

1.Санариптик далилдер юридикалык термин жана санариптик маалыматтын процессуалдык жана укуктук статусун мүнөздөйт.

2.Санариптик маалымат – адамдын кибермейкиндиктеги санариптик изин материалдаштыруунун бир түрү.

3.Санариптик далилдер бир катар юридикалык жактан маанилүү өзгөчөлүктөргө ээ (санариптик маңыз, абстрактуулук, ортомчулук, чечмелөө жөндөмдүүлүгү, морттук, көчүрүүдө чектелбегендик, формалардын көп түрдүүлүгү, квалификациялуу кайрылуу). Аларга:

  • Санариптик далилдердин бүтүндүгүн жана аныктыгын камсыз кылуу;
  • Санариптик далилдер менен иштөө процессин документтештирүү;
  • Адисттерди колдоо;
  • Алгачкы текшерүү органдарынын квалификациясы;
  • Укуктук жөндөмдүүлүк.

Жалпысынан, сот адилеттиги системасында колдонулган техникалык каражаттар жазык жоопкерчилигинин жана жазанын индивидуалдаштыруу жана жеке мүнөздөгү принциптерине кызмат кылышы керек (КР КК 7 жана 8-беренелери), адамдын эркиндигин чектебестен, иш үчүн мааниси бар жагдайларды далилдөөгө жана конкреттүү иштин алкагында сот адилеттигин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүшү керек.

Санариптик далилдерди КР Жазык-процесстик мыйзамдарына интеграциялоо бир катар принципиалдуу маселелердин чечими менен коштолууга тийиш:

  • Кылмыш-жаза кодексинде кылмыш иши боюнча далил булактарынын системасында санариптик далилдердин орду аныкталууга тийиш.
  • Жазык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө жеке турмуштун сырынын кол тийбестигинин конституциялык – укуктук кепилдиктерин сактоо, ал эми айрым учурларда, анын ичинде тергөөнүн үстүнөн соттук контролду жүзөгө ашыруу маселелеринде тергөө сотторунун статусун күчөтүү аркылуу кеңейтүү зарыл.
  • Укуктук статусту, укуктарды жана милдеттерди, ошондой эле санариптик маалыматтын провайдерлери менен, анын ичинде Кыргызстандын юрисдикциясынын чегинен тышкары жактагылар менен коммуникациянын алгылыктуу ыкмаларын юридикалык жактан туура аныктоо зарыл.
  • Далилдердин жол берилишин аныктоонун колдонуудагы критерийлери санариптик далилдерге гана тиешелүү жаңы критерийлер менен толукталууга тийиш.

Санариптик далилдер КР Жазык-процесстик мыйзамдарына 2 ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу аркылуу киргизилиши мүмкүн:

  • КР ЖПКга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам (санариптик далилдерди колдонуу үчүн юридикалык базаны түзөт);
  • Санариптик далилдерди чогултуу, алып коюу, сактоо жана баалоо эрежелери (санариптик далилдерди чогултууда, сактоодо жана экспертизалоодо тартылган адамдардын кадамдык аракеттерин регламенттейт).

Изилдөөнү аткаргандар: Талант Султанов, Жанарбек Мураканов, Айпери Бозоева, Жамиля Акматбаева, Нурбек Арзымбаев