Кыргызстандын аймактарынан келген тренерлер үчүн эки күндүк тренингдин катышуучулары менен кыскача маек

“Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен аймактардагы ишкерликти чыңдоо жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган долбоордун алкагында “Санарип туризм” тармагында мыкты эксперт, тренерлерди даярдоо боюнча эки күндүк окутуулар 2023-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында оффлайн форматта аймактардагы тренерлер үчүн тренинг болуп өттү.
Аймактрадагы ишкерликти жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган бул тренинге өлкөбүздүн 10 аймагынан катышуучулар тандалып алынып, ар бири “Санарип Туризм” багытында билимин жогорулатып, эми “Санарип Инсан” долбоорунун алкагында өзүнүн аймагындагы жаштарга, кыз-келиндерге “Санарип Туризм” боюнча алган билими менен бөлүшүп, тренинг өтүшөт.

Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, айрым катышуучулардын бул тренинг тууралуу баяндаган кыскача интервьюсу менен тааныша аласыздар!

Бул долбоорду АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги каржылаган. Бул жерде айтылган пикирлер, тыянактар же сунуштар авторлордун пикирин билдирет жана сөзсүз түрдө АКШнын КРдагы элчилигинин көз карашын чагылдырбайт.