КРнын БШКнын жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен “Санарип Инсан” долбоору ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду

Санариптик билимдерди комплекстүү өнүктүрүү, бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү илгерилетүү жана биргелешкен социалдык-экономикалык программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу максатында КР БШКнын жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борбору менен “Санарип Инсан” долбоору ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлду.

Меморандумга кол коюу аземине КР БШКнын жарандык билим берүү жана шайлоо технологиялары борборунун мүдүрү Айсулуу Букамбаеа жана “Санарип Инсан” долбоорунун координатору Азиз Солтобаев катышты.

Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Кармабековна Шайлдабекова, “Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмүнүн” төрагасы Талант Султанов жана “Санарип Инсан” долбоорунун координатору Азиз Солтобаев менен калктын санариптик сабаттуулугун жогорулатууда “Санарип Инсан” долбоорунун алкагында кызматташуу боюнча маектешүү болду.