“Борбор Азиядагы кыз-келиндерге маалыматтык-технологиядагы мүмкүнчүлүктөр” II эл аралык форум

27-апрелде Бишкекте “Борбор Азиядагы кыз-келиндерге маалыматтык-технологиядагы мүмкүнчүлүктөр” аталышындагы экинчи эл аралык форум өттү. Форумда жергиликтүү жана  эл аралык эксперттер жана маалыматтаык-технология тармагындагы ийгиликтүү айымдар өз тажрыйбаларын бөлүшүп, космоско кантип спутник учурса болот, жасалма интеллектти кантип багынта алабыз, дүйнө талап кылган кесиптер жана алардын келечеги кандай, социалдык тармактарды кандайча пайдага колдоно алабыз, интернетте өзүн коргоо эмнеге керек, заманбап жашоодо финансылык сабаттуулук эмне үчүн маанилүү деген сыяктуу бир нече актуалдуу темалардын айланасында маалымат бөлүшүштү.

Бул иш-чара дүйнөнүн 195 өлкөсүндө белгиленип келе жаткан “Маалыматтык-байланыш технологиясындагы кыздар” күнүнүн урматына карата уюштурулду.

Форумда КРнын Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова сөз сүйлөп, маалыматтык-технология багытында кыз-келиндердин потенциалы чексиз экенин айтып берди:

“Биздин өлкөдө ITге байланыштуу мамлекеттик кызматтардын 15% айымдар башкарат. Андан сырткары, 5% код жазган айымдар бар. Бул да болсо жакшы көрсөткүч. Айымдар баштаган иш-чаралар, демилгелер ийгиликке жетип, жакшы көрсөткүч көрсөтүп келет. Бирок, өнүккөн технология алыскы региондогу кыз-келиндерге да мүмкүнчүлүк бериши керек. Мисалы, алар кол өнрчүлүк, сүт продукцияларын чыгарып же ж.б. өздөрүнүн продукцияларын электрондук коммерция аркылуу сата алышат. Демек, биз өлкөнүн бардык аймактарында маалыматтык-технологиялык көндүмдөрдү өздөштүргөндү үйрөтүшүбүз керек”.

Ал эми “Эл аралык электр байланыш союзунун” КМШ өлкөлөрү боюнча регионалдык жетекчиси Наталья Мочу:

“Аялдарда жана кыздарда эч кандай чек жок жана алардын таланттары бар экенин билип, керектүү билимге ээ болууга умтулуп, бүгүнкү санариптик дүйнөгө катышууга толук укуктуу”,- деп баса белгиледи.

“Интернет Коомунун кыргыз бөлүмүнүн” төрагасы Талант Султанов, кыз-келиндерди колдоо багытындагы иш-аракеттери менен ой бөлүштү:

“Интернет коомунун кыргыз бөлүмүнүн принциптери тууралуу айткым келип турат. Биринчи, бул алгач кыздар үчүн деген принцип. Иш-чараларды уюштурууда алгач кыздарга кызыктуу, пайдалуубу деген ой суроо менен баштайбыз. Экинчи, региондор үчүн биринчи деген принцип. Биз өткөргөн иш-чаралардын 1% гана бүгүнкүдөй шаарда өтөт, калган 99% региондордо уюштурабыз. Эмки жылкы форумду балким биз Ошто өткөрөбүз. Кийинки принцип,  бул биринчи кыргыз тилинде болсун дейбиз. Анткени, санариптешүү тармагында кыргызча маалыматтар абдан аз”, – деди Т. Султанов. 

 Форум гибриддик форматта өттү. Ага дүйнөнүн жана Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан 200дөн ашык жаран катышты. Алардын  арасында студенттер, тигүүчүлөр, мигранттар, окуучулар, мугалимдер, тарбиячылар жана үй кожейкелери болду. 

«Борбор Азиядагы кыз-келиндерге маалыматтык-технологиядагы мүмкүнчүлүктөр” форумунун максаты, жаштарды, кыздарды, өзгөчө алыскы айыл-аймактардагы кыз-келиндерди окууга жана технологиялык билим алууга шыктандыруу, инклюзивдүү жана гендердик санариптик ажырымды түшүнүүгө көмөктөшүү, STEM билимин жана санариптик көндүмдөрдү окутууну жактоо, ошондой эле кыздарды жана жаш аялдарды МКТ тармагында карьера жасоого үндөө болуп саналат. Бул көндүмдөргө таянып, кыз-келиндердин социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу аркылуу туруктуу өнүгүүгө жол ачуу узак мөөнөттүү максаттарыбыздын бири.

Форум КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, КРнын Санариптик өнүктүрүү министрлиги, “Эл аралык электр байланыш союзу” (ITU) жана “Интернет коомунун кыргыз бөлүмүнүн”(ISOC)  кызматташуусу менен уюштурулду.

Дүйнөдө “Маалыматтык-байланыш технологиясындагы кыздар” күнү 2011-жылдан бери белгиленип келет. Соңку маалыматка ылайык, бул 12 жыл аралыгында 195 өлкөдө белгиленип, ага жалпысынан  600 000ден ашык кыз-келиндер катыша алышты. 

Форумдун толук онлайн версиясын биздин социалдык тармактар же төмөнкү шилтеме аркылуу көрө аласыздар: https://www.youtube.com/watch?v=oZZb1y7sOq8