Нуржан Таалайбекова “Санарип Инсан” долбоорунун стартап конкурсунун жеңүүчүсү

2023-жылдын 10-ноябрында Инновациялык борбордо 27 500 евро же 2,6 миллион сом жалпы байге фонду менен “Санарип Инсан” стартап-долбоорлорунун сынагынын финалы болуп өттү.

Стартап сынагынын жеңүүчүлөрү менен тааныштырабыз.

“Санарип Инсан” Start-Up конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн бири Нуржан Таалайбекова “Санарип педагог” долбоорунун жетекчиси.

Долбоор англис тили мугалмдеринин квалификациясын жогорулатууга жана мектеп окуучуларынын англис тилин үйрөтүүгө багытталган.

Нуржан Таалайбекова финалдык питчингде 93,6 балл менен жеңишке жетишти.

“Санарип Инсан” долбоорунун максаты-жаштардын, аялдардын, мигранттардын жана өлкөнүн алыскы аймактарынын жашоочуларынын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу. Атап айтканда, санариптик платформаларды колдонуу, социалдык тармактардын функцияларын изилдөө, Санариптик каржылык тиркемелер, онлайн коммерцияда жана ишкердикте маалыматтык технологияларды колдонуу, ошондой эле жашыл экономиканын эсебинен туруктуу өнүгүү жолдорун сунушталат. Долбоор Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Европа Коңшулук Кеңеши жана Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү тарабынан ишке ашырылууда.