Элдор Далиев “Санарип Инсан” долбоорунун стартап кокурсунун жеңүүчүлөрүнүн бири

2023-жылдын 10-ноябрында Инновациялык борбордо 27 500 евро же 2,6 миллион сом жалпы байге фонду менен “Санарип Инсан” стартап-долбоорлорунун сынагынын финалы болуп өттү.

Стартап сынагынын жеңүүчүлөрү менен тааныштырабыз.

“Санарип Инсан” Start-Up конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн бири Элдор Далиев “Youtube + Instagram аркылуу дүйнө менен иште” долбоорунун жетекчиси.

“Youtube + Instagram аркылуу дүйнө менен иште” долбоору билим берүү тармагына тиешелүү. Бул долбоордун алкагында Ютуб платформасында туура канал ачуу (англис тилдүү, кыргыз тилдүү канал), өнүктүрүү (Инстаграмда дагы баракча ачуу), жеке брендди жайылтуу, ар бир жаңы бизнести өнүктүрүү үчүн Ютубга өткөрүү, Ютуб аркылуу кошумча акча табууну үйрөтүү боюнча оффлайн, онлайн 2 айлык курс уюштурулат. Жумушсуз жүргөн жарандар дагы бул тармакка кызыгып платформаларды туура колдонууну үйрөнүп чыкса, жумуш таба алат.

Кыргызстандын, а түгүл дүйнөнүн каалаган жеринен да интернет болсо, иштей алат. Курстун жүрүшүндө Youtube, Instagram баракчаны өнүктүрүү, элге пайдалуу видеолорду чыгаруу, Youtube, Instagram аркылуу кардар табуу, бизнести өнүктүрүү боюнча билим дагы берилет. Бул билим аркылуу 18 жаштан жогору ар бир инсан “Ютуб менеджери”, “Инстаграм менеджери”, “СММ адиси” болуп иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Ютуб жана Инстаграм мүмунчүлүктөрү боюнча курс онлайн жана оффлайн тартипте Кыргызстандын бардык аймагында иштейт.

Ютуб аркылуу Кыргызстандын аймагында туруп кошумча акча табуу мүмкүн. Бул үчүн туура, кызыктуу, пайдалуу ютуб канал ачып, видеолорду даярдап жуктөп туруу керек. Канал 1000 катталуучу (подписчик), 4000 саат көрүү (просмотр) топтогондон кийин монетизацияга кошуу үчүн арыз формасы ачылат. 

Азыркы учурда биз Кыргызстандын андан кийин Дүйнөлүк деңгээлге чыгуу пландалып жатат.

Элдор Далиев финалдык питчингде 98 балл менен жеңишке жетишти.

“Санарип Инсан” долбоорунун максаты-жаштардын, аялдардын, мигранттардын жана өлкөнүн алыскы аймактарынын жашоочуларынын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу. Атап айтканда, санариптик платформаларды колдонуу, социалдык тармактардын функцияларын изилдөө, Санариптик каржылык тиркемелер, онлайн коммерцияда жана ишкердикте маалыматтык технологияларды колдонуу, ошондой эле жашыл экономиканын эсебинен туруктуу өнүгүү жолдорун сунушталат. Долбоор Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен Европа Коңшулук Кеңеши жана Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү тарабынан ишке ашырылууда.