2022-жылдын 31-мартында Бишкек шаарындагы «Парк Отель» мейманканасында «Бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана жаштардын туруктуулугун илгерилетүү» форуму менен бирге «Санарип Инсан» долбоорунун ачылыш аземи өттү. Тегерек стол гибриддик форматта өтүп, 80ден ашык мамлекеттик жана жеке сектордун кызматкерлери оффлайн катышса, чет өлкөлүк өнөктөштүрүбүз жана айыл-аймактардагы жарандарыбыз онлайн катышты.
«Санарип Инсан» долбоору аялдардын, жаштардын, мигранттардын жана коомдун аярлуу катмарынын санариптик сабаттуулугун жогорулатууга, талап кылынган кесиптерге үйрөтүүгө багытталган. Ошондой эле, маалымат кантип издөө, санариптик платформаларды колдоно билүү, социалдык баракчалардагы функцияларды колдонуу, эсептик операцияларды жүргүзүү, онлайн соода кылуу жана ишкердик жасоодо маалыматтык технологияларды колдонууга үйрөтөт. Долбоор 100 000 жаранды камтууну пландап жатат.
«Санарип Инсан» долбоору Европа Коңшулук Кеңеши менен «Кыргыз Интернет Коому» (Айсок) бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат. Аны Европа Биримдиги каржылоодо.
Видео отчет Сүрөттөр Презентациялар
Пост-релиз Программа Пресс-релиз
|
Жаштардын жана аялдардын коомдук бирикмелернен, атап айтканда SheStarts, Мутакалим, Открытая Линиядан дагы өкүлдөр катышты. Алар өз сөзүндө экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн теңдигин алдыга сүрөө жана аялдардын жана жаштардын туруктуулугун илгерилетүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ой бөлүштү.
Форум «Санарип Инсан» долбоорунун ачылуу аземи менен коштолуп, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, маалымат каражаттары жана бенефициарлар катышты. Алар Кыргыз Республикасынын калкын максималдуу алдыга жылдырууда алардын санариптик сабаттуулуктарын жогорулатуу багытында иштешүүгө келишти.
<iframe width=”560″ height=”315″ src=”https://www.youtube.com/embed/vWF1Ss7n12Q” title=”YouTube video player” frameborder=”0″ allow=”accelerometer; autoplay; clipboard-write; encrypted-media; gyroscope; picture-in-picture” allowfullscreen></iframe>
|