“Компьютердик сабаттуулукту жогорулатуу программасынын” окуу материалдарын кыргыз жана орус тилдерине которуу жана адаптациялоо

Жарыяланган күнү: 10/02/2023

Акыркы мөөнөт: 17/02/2023

 

Окутуу материалдарын “компьютердик сабаттуулук программаларын” Кыргыз жана орус тилдерине которуу жана адаптациялоо боюнча техникалык мүнөздөмө

“Санарип Инсан” долбоору жөнүндө: “Жаштардын бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана туруктуулугун илгерилетүү” долбоору (мындан ары “Санарип Инсан”) “Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” (мындан ары Айсок) коомдук бирикмеси тарабынан Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен ишке ашырылып жатат. “Санарип Инсан” аймактарда жашаган жаштар жана аялдар арасында санариптик жана жашыл экономика жаатында билим жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган. Долбоор ошондой эле маалымат каражаттары жана социалдык тармактар менен кызматташтыкта санариптик сабаттуулуктун деңгээлин жогорулатуу үчүн маалыматтык иш-чараларды камсыз кылат; билим берүү секторунун өкүлдөрү менен окутуу материалдарын адаптациялоо жана иштеп чыгуу, ошондой эле жаштарды санариптик платформаларда иштөөгө үйрөтүү үчүн кызыкдар тараптар жана мамлекеттик органдар менен биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу, мисалга алсак, электрондук өкмөт, электрондук соода жана санариптик экономика сыяктуу. Долбоордун узак мөөнөттүү максаттары 2030-жылдагы туруктуу өнүгүү максаттарына ылайык жаштардын корголушунун көрсөткүчтөрүн жакшыртуу болуп саналат. 

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен эки тараптуу жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча, ошондой эле 2021-2040-жылдарга карата Кыргыз Республикасында билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясына ылайык, өлкөнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири-билим берүүнү санариптештирүүгө багыттоо, анын ичинде билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде электрондук окутууну калыптандыруу шарттарын түзүү жана санариптик кадрларды даярдоо. Жогоруда айтылгандарга таянып, ISOC кызыкдар уюмдардын/эксперттердин тобунун ортосунда “компьютердик сабаттуулук программасы” (Microsoft санариптик сабаттуулук) окутуу курсунун аудио жана видео материалдарын которуу жана адаптациялоо боюнча кызматтарды көрсөтүү боюнча конкурс жарыялайт мындан ары “программа” англис тилинен орус жана кыргыз тилдерине, орус тилинен кыргыз тилине которулат. Курс программасы төмөнкү сессиялардан (презентациялар, текст жана видео материалдар) турат:

1-курс – компьютер менен иштөө (компьютердик сабаттуулук);

2-курс-Интернеттеги маалыматка жетүү (Интернеттеги маалыматтын жеткиликтүүлүгү);

3-курс-онлайн режиминде баарлашуу (онлайн байланыш);

4-курс-коопсуз жана жоопкерчиликтүү онлайн байланыш (Коопсуз интернет жана аны жоопкерчиликтүү пайдалануу);

5-курс-санариптик мазмунду (контентти) түзүү (санариптик мазмунду түзүү);

6-курс-санариптик кызматташуу жана контентти башкаруу.

Иштин көлөмү жана күтүлгөн натыйжалар:  

Техникалык тапшырма 2023-жылдын 24-февралынан 24-апрелине чейин аткарылыш керек. Ишти өткөрүп берүүнүн мөөнөтүн Айсок аткаруучу менен келишим түзүүдө талкуулайт. Аткаруучу ар бир этапта кардар менен продукциянын долбоорлорун (материалдарды которуу жана аудио – жана видеоматериалдар, презентациялар) макулдашуусу зарыл.  

Материалдардын мисалдары үчүн 2-тиркемени жана 3-тиркемени караңыз.

Ишке ашырылган жери – Бишкек шаары.

Отчёттулук жана координациялоо 

Бул техникалык тапшырманы аткарууда Кеңешчи “Санарип Инсан” долбоорунун координаторуна отчёт берет. Кеңешчи координаторго тапшырманы аткаруунун жүрүшү жана ишти аткаруу процессинде пайда болгон ар кандай кыйынчылыктар жөнүндө маалымдап турушу керек. 

Келишим формасы

Келишимдин артыкчылыктуу формасы-жарандык-кызмат көрсөтүү боюнча укуктук келишим, бул арыз ээсинен жеке ишкер же юридикалык жак катары катталууну талап кылат.

Төлөм ыкмасы

Көрсөтүлгөн кызматтарга акы төлөө Курсту иштеп чыгуу боюнча жана тестирлөөдөн кийин берилген эсептин жана көрсөтүлгөн кызматтарды накталай эмес эсептешүү боюнча кабыл алуу актысынын негизинде төлөө эсебинде көрсөтүлгөн аткаруучунун эсептешүү эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен төлөм тапшырмасы менен жүргүзүлөт. Бул тапшырма боюнча бардык салыктык жана социалдык чегерүүлөр келишимдин суммасына киргизилет жана аткаруучунун милдети болуп саналат. Отчёттуулук жөнүндө маалымат кошумча берилет.

Конкурсттук табыштамаларды берүүнүн шарттары

Документтредин пакети “Компьютердик сабаттуулук курсун адаптациялоо” аталышы менен 2023-жылдын 17-февраль саат 15:00 го чейин [email protected]  электрондук дарегине жөнөтүлүшү шарт:

  • Көрсөтүлгөн талаптарга шайкештигин жана ушул сыяктуу иштерди ишке ашырууну көрсөтүү менен кызыкчылык каты;
  • Эксперттик резюме жана портфолио;
  • “Күндөрдүн саны жана төлөө наркы евро менен” крсөтүлгөн форматта иштердин наркын көрсөтүү менен коммерциялык сунуш (1-тиркеме);
  • Окшош жумуштардын жетекчилеринен (кардарларынан) сунуш кат.

Өтүнмөлөрдү тандоо

Оптималдуу чыгым ыкмасынын негизинде, Кардар төмөнкү айкалыштарды эске алуу менен экспертти тандайт:

(а) иштин көлөмүн ишке ашыруу үчүн жетиштүү квалификацияга, билимге жана көндүмгө (70%) жана

(b) финансылык сунуш (Жалпы баалоо баллынын 30%).

Кошумча суроолор боюнча төмөнкү номерге чалыңыз же вотсап аркылуу байланышыңыз  0755330335 

Техникалык тапшырма тууралуу кенен маалымат тиркемеде.