Санарип Инсан долбоору аймактарда өз окутууларын баштады

9-10-ноябрда Нарын облусунун Кочкор айылында “Жаштардын бирдей мүмкүнчүлүктөрүн жана туруктуулугун илгерилетүү” (Санарип Инсан) долбоорунун алкагында жарандарга санарип көндүмдөрдү окутуу тренингдери  башталды.

ПРЕСС-РЕЛИЗ

ПРОГРАММА

ПОСТ-РЕЛИЗ

СҮРӨТТӨР

9-ноябрь окутуулардын алгачкы күнүндө ачылыш аземи болуп, иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Адамалиев Азамат Николаевич катышып, өз сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолду: “Бул окутуулар Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Келечек” жаштар платформасы “Санарип Инсан” долбоору менен биргеликте аймактардагы туризм тармагында эмгектенип жаткан жарандарга туризм тармагына тиешелүү санарип көндүмдөрдү үйрөтүп, сабаттуулугун жогорулатууга багытталган. Тренингдер мындан ары өлкөбүздүн башка аймактарында да уланат. Сиздерге пайдалуу болот деп ишенем.”

Андан соң “Санарип Инсан” долбоорунун координатору Азиз Солтобаев сөз сүйлөп, долбоордун максаты тууралуу айта кетти: “Бул жерден Турдакун Усубалиев, Айсулуу Тыныбекова сыяктуу белгилүү адамадар чыккан. Айсулуу дүйнө жүзүнө Кыргызстанды гана эмес, Нарын облусун, анын ичинде Кочкор районун таанытты, туристтердин кызыгуусун арртырды. Ошол себептен жергиликтүү калктын интернет айдыңында туристтердин буюртмаларын кабыл алуу, тейлөө, конок үйлөрүнө жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүнү билүүсү керек. Мисалы, азыркы күндө СММ адистиги бар, ал Facebook, Instagram, Tik-Tok, Whatsapp, Telegram сыяктуу платформаларды бизнести таанытуу, жайылтуу үчүн колдонгон адис. Алар бир эле долбоордон 200-500$ га чейин алышат. Сиздер да Кочкордо эле отуруп башка аймактарга, жок дегенде жергиликтүү мейманканаларга, конок үйлөрүнө өзүңөрдүн кызматтарыңарды көрсөтсөңүздөр болот. Ал эми “Санарип Инсан” долбоору Евробиримдиктин каржылоосу менен аймактардагы жаштардын санарип сабаттуулугун жогорулатып, алардын жашоо деңгээлин жакшыртууну максат кылып келет жана ал ишке ашат деп ойлойм.”

     “She starts” коомдук фондунун аткаруучу мүдүрү Айзада Усупова өз сөзүндө: “Бул окутуулар “Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” менен “She starts” долбоору биргеликте ишке ашырып жатат. Бул иш-чара “Жаштар күнүнүн алкагында өткөрүлүп жатат. Сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайбыз жана тренинг жемиштүү болот деп ишенебиз”,- деди.

 

Андан соң тренинг башталып, ментор Назира Мийнекеева өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, туризмге тиешелүү санарип көндүмдөрдү  катышуучулар менен биргеликте иш жүзүндө аткарышты. Мисалы, Google; Airbnb; Tripadvisor; Booking.com ж.б.у.с. платформаларда катталуу эрежелерин, ал платформаларда алдыңкы саптарга кантип чыгуу керектигин, төлөмдөрдү аткарууну, кокус кандайдыр бир көйгөй жаралып калса ар бир платформанын кызмат көрсөтүү операторлору менен байланышуу жолдорун үйрөнүштү. Жыйынтыгында окутууга катышкан жыйырмадай катышуучу үйүнөн чыкпай санарип көндүмдөрдүн жардамы менен конок үйлөрүн дүйнөгө таанытуу менен өзүнө кардаларды табууну өздөштүрүштү. 

10-ноябрь күнү интернет-маркетинг боюнча менторлор Айбек Куренкеев жана Нурлан Маннапов “Социалдык тармактар” тууралуу айтып, катышуучуларга ишкердүүлүктү алдыга жылдыруудагы маанисин мисалдарга таянып көрсөтүштү. Катышуучулар иш жүзүндө Facebook, Instagram, Tik-Tok платформаларын, ошону менен катар Google статистика, WhatsApp, Telegram месенджерлери менен иштөөнү да үйрөнүштү. Жыйынтыгында ар бир катышуучу социалдык тармактарда бизнес-баракчаларын түзүп, аларды месенджерлер менен байланыштырып, шилтемелерди жөнөткөндү өздөштүрүүгө жетишишти.

Эки күндүк тренингге 20дан ашык жаран катышып, алардын арасында жаштар, кыз-келиндер жана ишкерлер болду. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. 

Бул тренинг “Санарип инсан” долбоорунун аймактарда баштаган окутууларынын алгачкысы. Мындан ары атайын тренингдер өлкөбүздүн башка аймактарнында алдыдагы 4 ай ичинде уланат.

«Санарип Инсан» долбоору Европа Коңшулук Кеңеши менен «Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү» (Айсок) бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат. Аны Европа Биримдиги каржылоодо.

<iframe width=”560″ height=”315″ src=”https://www.youtube.com/embed/ROx22pH9TiU” title=”YouTube video player” frameborder=”0″ allow=”accelerometer; autoplay; clipboard-write; encrypted-media; gyroscope; picture-in-picture” allowfullscreen></iframe>

Долбоор боюнча кошумча маалыматты төмөнкү телефон аркылуу алса болот:
+996 755 330 335 жана e-mail:  [email protected]
«Бул <веб сайт/кат> Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул басылманын мазмуну Европалык Коңшулук Кеңешинин (ENC) / “Айсок Кыргызстан Интернет Коому” коомдук бирикмесинин жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Онлайн вебинар: Жашыл экономиканын мүмкүнчүлүктөрү

Беш көкүл кыздарга санарип мүмкүнчүлүктөр

Онлайн Форум: «Беш көкүл кыздарга санарип мүмкүнчүлүктөр»

«Беш көкүл кыздарга санарип мүмкүнчүлүктөр» онлайн-форуму

Күнү: 11-октябрь

Сааты: 16:00

Катышуу шилтемеси: 

https://us06web.zoom.us/j/81793333054?pwd=NFpnYWFLbHU5QlNLRDdGTHgyeExHdz09

Онлайн трансляция:

Youtube: https://youtu.be/SwznaSzwsGc
Facebook: https://fb.me/e/2R8WSNez8

 

11-октябрь дүйнө жүзү боюнча «Кыздар күнү» белгиленет. Бул күн кыздардын социалдык көйгөйлөрүнө, алардын жынысына байланыштуу теңсиздигине жана башка түрдүү басмырлоолорго каршы күрөшүүнүн күнү катары белгилүү. Бирок буга катарлаш, кыздардын билим алуусуна жана бакубат турмушуна жол ачкан миңдеген мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтууга, сөз кылууга абдан жакшы ыңгайлуу болгон күн. 

Буга байланыштуу «Интернет коомунун кыргыз бөлүмү» «Беш көкүл кыздарга санарип мүмкүнчүлүктөр» аталышындагы онлайн-вебинар өткөрөт. Анда эл аралык жана Кыргызстандагы таасирдүү жана өзүнүн басып өткөн жолу менен шыктандыра турган айымдар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, кыздардын суроолоруна жооп беришет. Форум Евробиримдиктин “Санарип Инсан” долбоорунун алкыганда уюштурулууда.

«Беш көкүл кыздарга мүмкүнчүлүктөр» деген аталыштагы онлайн-маектешүүнүн максаты, кыздарды колдоо, өзгөчө алыска айыл-аймактардагы кыз-келиндерди билим алууга жана технологиялык илимге кызууга  шыктандыруу болуп саналат. 

Онлайн-маек бей-расмий форматта өтөт, ага өлкөнүн бардык булуң-бурчунан кыз-келиндер, студенттер, мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери Zoom  аркылуу катышса болот.

Программасы

  • Уюштуруучулар: “Интернет Коомунун Кыргыз бөлүмү” 
  • Алып баруучу: Сапаргүль Абдинабиева жана Талант Султанов

16:00 Баяндамалар

  • Эльвира Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
  • Екатерина Громова, Санариптик Трансформациядагы Айымдар уюмунун негиздөөчүсү
  • Жамал Фронтбек кызы, “Мутакалим” коомдук уюмунун жетекчиси
  • Гулжан Фриндт-Сайдилкан, “International Consulting LLC” уюмунун негиздөөчүсү, программист. (Германия)
  • Назира Айтбекова, журналист, блогер 
  • Айдай Амангулова, “Айылдык кыз” долбоорунун тең-төрагасы
  • Съездбек Таштекеев, “Шахмат боюнча өспүрүмдөр спорт мектебинин” жетекчиси, шахмат боюнча дүйнө чемпиондорун даярдаган ата.
  • Айпери Бозоева, “Tech4society” долбоорунун эксперти (https://isoc.kg/tech4society-3/
  • Ажыбек Нурланов, “IlimBox.kg” долбоорунун менеджери

Талкулоо жана жыйынтыктоо.

Онлайн вебинар: «Санариптешкен туризм»

Эс алууга же бизнес сапарына барганда, саякатчылар санариптик туризмге көбүрөөк кайрылышат. Биз көптөн бери онлайн турларды брондоп, билеттерди жана трансферлерди колдонмолордо заказ кылып келе жатабыз. Бирок, бул санариптик мүмкүнчүлүктөрдүн кичинекей гана бөлүгү-туристтер үчүн мүмкүнчүлүктөр. Бүгүнкү күндө тревел индустриясындагы алгачкы ролдорго жасалма интеллект келип, саякатчыларды курортторго, экскурсияларга жана мейманканаларга азгырган билеттердин, презентациялардын жана виртуалдык реалдуулук турларынын эң жакшы баасы кайсы даталарды талдайт жана отчет берет.

Акырында, учуу үчүн жүргүнчүлөрдүн жүзүн таануу технологиясы. Туризмге дагы кандай инновациялык технологиялар келип чыккандыгы жана саякатчыларга кандай пайдалуу болушу мүмкүн экендиги жөнүндө биздин спикерлер «Санариптешкен туризм» темасындагы онлайн-вебинарда айтып беришти.

Спикерлер:

  • Саламдашуу сөзү менен Союзбек Надырбеков, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары
  • Назира Миникеева, Онлайн сатуу каналдары үчүн көз карандысыз кеңешчи, санариптик туризмди өнүктүрүү боюнча эксперт жана тренер. Мейманкана бизнесинде 18 жыл, консалтингде 7 жыл жана 1000ден ашык адамды меймандостукка үйрөткөн. Борбордук Азиядагы 500дөн ашык объектиге “Онлайн Тревел Агенство” ОТАга жол ачылды.
  • Ташкулов Мухамеджалал Баратбаевич 2019-жылдан баштап туризим тармагында ишкер. Ош облусунун Алай районунун Сары-Могол айлындагы Этнографиялык музейинин, конок үйүнү жана боз үй лагеринин ээси.

Онлайн-вебинар: «Санариптешкен туризм»

Онлайн-вебинар: «Санариптешкен туризм»

Күнү: 30 сентябрь

Сааты: 16:00 

Өтүү платформасы:  Zoom
https://us06web.zoom.us/j/82618182643?pwd=dEtJU0JabStkRURCODh3R1NDV1JPdz09

Youtube: https://youtu.be/zVZ5EVlv8xg
Facebook: https://fb.me/e/1JkV1QnD1

Эс алууга же бизнес сапарына барганда, саякатчылар санариптик туризмге көбүрөөк кайрылышат. Биз көптөн бери онлайн турларды брондоп, билеттерди жана трансферлерди колдонмолордо заказ кылып келе жатабыз. Бирок, бул санариптик мүмкүнчүлүктөрдүн кичинекей гана бөлүгү-туристтер үчүн мүмкүнчүлүктөр. Бүгүнкү күндө тревел индустриясындагы алгачкы ролдорго жасалма интеллект келип, саякатчыларды курортторго, экскурсияларга жана мейманканаларга азгырган билеттердин, презентациялардын жана виртуалдык реалдуулук турларынын эң жакшы баасы кайсы даталарды талдайт жана отчет берет.

Акырында, учуу үчүн жүргүнчүлөрдүн жүзүн таануу технологиясы. Туризмге дагы кандай инновациялык технологиялар келип чыккандыгы жана саякатчыларга кандай пайдалуу болушу мүмкүн экендиги жөнүндө биздин спикерлер «Санариптешкен туризм» темасындагы онлайн-вебинарда айтып беришет.

Спикерлер:

  • Саламдашуу сөзү менен Союзбек Надырбеков, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары
  • Назира Миникеева, Онлайн сатуу каналдары үчүн көз карандысыз кеңешчи, санариптик туризмди өнүктүрүү боюнча эксперт жана тренер. Мейманкана бизнесинде 18 жыл, консалтингде 7 жыл жана 1000ден ашык адамды меймандостукка үйрөткөн. Борбордук Азиядагы 500дөн ашык объектиге “Онлайн Тревел Агенство” ОТАга жол ачылды. 
  • Ташкулов Мухамеджалал Баратбаевич 2019-жылдан баштап туризим тармагында ишкер. Ош облусунун Алай районунун Сары-Могол айлындагы Этнографиялык музейинин, конок үйүнү жана боз үй лагеринин ээси. 

Илимде жана инновацияда кыздар үчүн мүмкүнчүлүктөр

Илим жана инновация аны жасаган адамдарды чагылдырат. Дүйнө илимге жана инновацияга, илим жана инновация болсо аялдар менен кыздарга муктаж. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча изилдөөчүлөрдүн 30 пайызын гана аялдар түзөт.

Акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, илим жана инновация жаатында эмгектенген аялдар аз жана алар изилдөө үчүн аз эмгек акы алышат, ошондой эле, жогорку кызматка көтөрүлбөйт. Илим жана инновация үчүн кыздар акылдуу эмес деп ойлошот, бирок, бул терс факторлорго карабастан аялдар менен кыздар технологиялык жана инновациялык изилдөөлөрдү жүргүзүп келишет. Алар өтө маанилүү дары-дармектерди жаратышат жана үн тосмосун бузушат, ааламды изилдешет жана ДНКнын түзүлүшүн түшүнүүгө негиз түзүшөт. Алар биздин келечек муундар үчүн шыктандыруучу үлгү айымдар.

Биздин келечегибиз илимий-техникалык прогресс менен белгиленет, ага аялдар менен кыздар илимдин, технологиянын жана инновациянын жаратуучулары, ээлери жана лидерлери болгондо гана жетишүүгө мүмкүн.

Интернет коомунун кыргыз бөлүмү бул теманын актуалдуулугу белгилеп, өлкөбүздөгү кыз-келиндер үчүн шыктандыруучу онлайн вебинар өткөрдү. Анда Кыргызстанда төрөлүп өскөн, белгилүү британиялык окумуштуу, Бат университетинин химия профессору жана Улуу Британиядагы Королдук Илимий Коомдун мүчөсү, бардык температурада балдардын вакциналарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алдыңкы инновациялык изилдөөлөрдү жетектеп келе жаткан Асель Сартбаева жана Microsoft компаниясынын программисти Элиза Аманбаева өздөрүнүн илимге салган жолу, ийгиликтери жана кыйынчылыктары тууралуу ой бөлүшүп, жөнөкөй жарандардын суроолоруна жооп беришти.

<iframe width=”560″ height=”315″ src=”https://www.youtube.com/embed/UcjoEHUPzpQ” title=”YouTube video player” frameborder=”0″ allow=”accelerometer; autoplay; clipboard-write; encrypted-media; gyroscope; picture-in-picture” allowfullscreen></iframe>

Онлайн вебинар: Илимде жана инновацияда кыздар үчүн мүмкүнчүлүктөр

Онлайн вебинар: Илимде жана инновацияда кыздар үчүн мүмкүнчүлүктөр

Күнү: 22 сентябрь

Сааты: 16:00 

Өтүү платформасы:  Zoom
https://us06web.zoom.us/j/82380808632?pwd=eVRiVTBMQmRmL04rVEQveFRmRWZMQT09

Youtube: https://youtu.be/UcjoEHUPzpQ
Facebook: https://www.facebook.com/events/1189416168337855/

Илим жана инновация аны жасаган адамдарды чагылдырат. Дүйнө илимге жана инновацияга, илим жана инновация болсо аялдар менен кыздарга муктаж. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча изилдөөчүлөрдүн 30 пайызын гана аялдар түзөт.

Акыркы изилдөөлөр көрсөткөндөй, илим жана инновация жаатында эмгектенген аялдар аз жана алар изилдөө үчүн аз эмгек акы алышат, ошондой эле, жогорку кызматка көтөрүлбөйт. Илим жана инновация үчүн кыздар акылдуу эмес деп ойлошот, бирок, бул терс факторлорго карабастан аялдар менен кыздар технологиялык жана инновациялык изилдөөлөрдү жүргүзүп келишет. Алар өтө маанилүү дары-дармектерди жаратышат жана үн тосмосун бузушат, ааламды изилдешет жана ДНКнын түзүлүшүн түшүнүүгө негиз түзүшөт. Алар биздин келечек муундар үчүн шыктандыруучу үлгү айымдар.

Биздин келечегибиз илимий-техникалык прогресс менен белгиленет, ага аялдар менен кыздар илимдин, технологиянын жана инновациянын жаратуучулары, ээлери жана лидерлери болгондо гана жетишүүгө мүмкүн. 

Интернет коомунун кыргыз бөлүмү бул теманын актуалдуулугу белгилеп, өлкөбүздөгү кыз-келиндер үчүн шыктандыруучу вебинар өткөргөнү жатат. Анда Кыргызстанда төрөлүп өскөн, белгилүү британиялык окумуштуу, Бат университетинин химия профессору жана Улуу Британиядагы Королдук Илимий Коомдун мүчөсү, бардык температурада балдардын вакциналарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алдыңкы инновациялык изилдөөлөрдү жетектеп келе жаткан Асель Сартбаева жана Microsoft компаниясынын программисти Элиза Аманбаева өздөрүнүн илимге салган жолу, ийгиликтери жана кыйынчылыктары тууралуу ой бөлүшүп, жөнөкөй жарандардын суроолоруна жооп берет.