Tech4Society долбоору “Digital resilience program” эл аралык конференциясына катышты

18-майда И.Разаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинде “Digital Resilience Program: Completion and Next Steps” темасында эл аралык конференция болуп өттү.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова, Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин башчысы Навид Хасан Навки, ошондой эле санариптик технологиялар жаатындагы эл аралык уюмдар жана эксперттер катышты.

Ошондой эле бул иш-чарага технологиялык Tech4Society  командасынын кибер коопсуздук боюнча эксперти Нурбек Арзымбаевдин  катышты. Ал өзүнүн сөзүндө эл аралык тажрыйбага негизделген улуттук кибер коопсуздук стандарттарын иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.