Матисламова Бузара:” Санарип Инсан ” дүйнө туристтерине көрүнүүгө мүмкүнчүлүк ачты

Матисламова Буузара-Кыргызстандын аймактарында жашаган аялдардын жана жаштардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жана экономикалык бакубаттуулугун жакшыртууга багытталган “Санарип Инсан” долбоорунун катышуучусу.

Буузара – Баткен районунун чек арага жакын жайгашкан Бужум айылынын тургуну. Ал мектепте 29 жыл иштеген, азыр татыктуу эс алууда, туристтик бизнеске алгачкы кадамдарын таштоодо. “Санарип Инсан” долбоорунун тренингдерине өз ишинде санариптик көндүмдөрдүн маанилүүлүгүн түшүнгөндүктөн келген.

 

“Эки күндүк тренингдин жүрүшүндө биз санариптик көндүмдөр, социалдык тармактар жөнүндө билдик, чет өлкөлөрдөгү конок үйлөр менен тааныштык. Ошондо мага идея келди: бош үйлөрдү конок үйлөрүнө айландырса болот. Мен 2023-жылдын март айында Booking.com’го катталдым, эч кандай акча коротпой, туристтерге кадимки Кыргыз үйүндөгүдөй шарт түзүп бердим. Апрель айында иштей баштадык. Booking.com аркылуу маалымат Кыргызстанда гана эмес, чет элдик бизнесмендерге, саякатчыларга да жетет. Алар келүү күнүн белгилешет, орун ээлешет. Бул платформанын жардамы менен бизге жаңы кардарларды табуу оңой болуп калды. Бүгүн бизде жакшы байланыштар бар, кардарлар жетиштүү”, – дейт Бузара.

Буузара долбоордун аркасында телефон аркылуу кардарлар менен иштөө үчүн Интернетти максималдуу колдоно алганына кубанычта. Ал региондордун бардык тургундары санариптик көндүмдөргө үйрөтүлүшү керектигин мойнуна алат, анткени интернет – айыл жергесинде өз ишин жеңилдетүүнүн жана кирешесин көбөйтүүнүн эң ыңгайлуу жолу. Конок үйү ачылып, booking.com’го катталгандан бери башка облустардан туристтер келе баштады. Жакында Ал Латын Америкасынан келген конокторду күтөт. Бүгүн ал тапкан кирешесинен эки кишилик конок үйүн эки кабаттуу сегиз кишилик үйгө айлантууну пландап жатат.

“Сабак учурунда Кыргызстанда жөнөкөй аялдардын мүмкүнчүлүктөрү көп экендигин байкадым. Биздин өнүмдөрдү жана кызматтарды көрсөтүү менен киреше таба алабыз. Санариптик соода убакытты үнөмдөп, тейлөө сапатын жогорулатат. Интернетти туура колдонууну үйрөнсөк, бул жерде жаштар өсүп – өнүгөт”, – деп кубанат Бузара.

Долбоордун алкагында 500 адам окутулду. Санариптик туризм боюнча тренингдердин аркасында катышуучулар Booking, Google Maps, Google Business, Airbnb, Shelter, Fidelio PMS сыяктуу туристтик платформаларда иштөөнү үйрөнүштү. Электрондук коммерция боюнча тренингдин алкагында катышуучулар WhatsApp Business, Instagram жана Facebook аркылуу товарларды жана кызматтарды жарнамалоо үчүн социалдык тармактарды жана мессенджерлерди колдонууну үйрөнүштү. Бүгүнкү күндө алар өз бизнесин ийгиликтүү өнүктүрүүдө.

Долбоор Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, Европа Коңшулук Кеңеши жана Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү тарабынан ишке ашырылууда.