Онлайн Форум: Балдарды интернетте коргоо жана колдоо

Күнү: 31-май

Сааты: 14:00

Катышуу шилтемеси: https://us06web.zoom.us/j/85016137739pwd=TUk2N1JXVkpyaU1kS0I1OWtTZzAwZz09

Facebook: https://www.facebook.com/events/1075849403339733/

Youtube: https://youtu.be/PoRp7jDcE1w

1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата «Балдарды интернетте коргоо жана колдоо» деген аталышта масштабдуу онлайн-форум өткөрөт. Аны Кыргыз Интернет коому менен «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду биргеликте уюштурууда. Форумда эл аралык жана жергиликтүү кесипкөй адистер өз баяндамалары менен бөлүшүп, интернет айдыңында балдар кандай коркунучтарга же терс таасирлерге дуушар болушу мүмкүн,же тескерисинче сапаттуу маалыматтарды кайдан таба алат, жеке маалыматтарды кантип коргоо керек, мындай учурга туш болгон балдардын психологиялык абалы жана аларга жардам берүү, реалдуу жана виртуалдык байланыштын балансын кантип сактаса болот деген сыяктуу көптөгөн кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарды айтып беришет.

Форум Zoom платформасы аркылуу өтүп, Ютуб жана Фейсбук аркылуу түз трансляция болот. Ага Кыргызстандын бардык булуң-бурчунунан жарандар, анын ичинде ата-энелер, балдар, мигранттар, педагог же мугалимдер жана жаштар катышып, суроо узата алышат.

  • Уюштуруучулар: Кыргыз Интернет Коому жана «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык фонду
  • Алып баруучу: Талант Султанов жана Сапаргүл Абдинабиева

Ачылышы. Саламдашуу сөз

  • Кыргыз Интернет Коомунун төрагасы, Талант Султанов
  • Балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча адис, “Санарип Инсан” долбоорунун медиа-эксперти Сапаргүл Абдинабиева

Баяндамалар

  • Наталья Мочу, КМШ региону боюнча ITU аймактык директору
  • Догдуркул Кендирбаева, «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору
  • Элиза Темирбекова, балдарды эрте куракта өнүктүрүү боюнча адис, педагог, эки баланын энеси
  • Сымбат Сатыбалдиева, KG Analytics интеллектуалдык коомдун санарип аткаруучу жетекчиси, Онлайн методист, педагогиялык дизайн жана электрондук окуу боюнча адиси, “Мугалим” платформасындагы квалификация жана компетенция жогорулатуу үчүн курстардын автору, Монтессори – педагог, СТЕМ Амбассадор
  • Бакыт Абдишев, IT адиси, эки баланын атасы
  • Айгүл Догдурова, aha.kg өзүн өнүктүрүү боюнча мектебинин негиздөөчүсү
  • Нурбек Арзымбаев жана Айпери Бозоева «Санарип Тазалык» долбоорунун жетекчиси жана эксперти
  • Ажыбек Нурланов, «Санарип Инсан» жана «ilimbox» долбоорунун кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча менеджери

Интерактивдүү  оюндар жана белектер. Талкулоо жана жыйынтыктоо.

Онлайн вебинар: Региондогу тургундар үчүн кандай санариптик мүмкүнчүлүктөр бар? 

Вебинардын атылышы: Региондогу тургундар үчүн кандай санариптик мүмкүнчүлүктөр бар?

9-май “Европа күнү” жана 17-май Бүткүл дүйнөлүк электрондук байланыш жана маалыматтуу коом күнүнүн урматына Бишкекте «Региондогу тургундар үчүн кандай санариптик мүмкүнчүлүктөр бар?» деген аталышты вебинар өтөт. Аны Кыргыз Интернет коому уюштурууда. Вебинарда Евробиримдик каржылаган Кыргызстандагы бир нече долбоордун жетекчилери катышып, региондордогу жаштарга, кыз-келиндерге жана мигранттарга маалыматтык-технологиялык мүмкүнчүлүктөр жана гранттык колдоолор тууралуу маалымат беришмекчи. 

Вебинар Zoom платформасы аркылуу өтөт. Ага Кыргызстандын бардык булуң-бурчунунан жарандар катышып, суроо узата алышат.

  • Уюштуруучулар: Кыргыз Интернет Коому
  • Алып баруучу: Талант Султанов

14:00 Ачылышы. Саламдашуу сөз

Ханс Фарнхаммер, Кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси, Европа биримдигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн биринчи кеңешчиси

14:15 Баяндамалар

Профессор Эрманно Пиетросемоли, Илим, технология жана инновациялар бөлүмү, ICTP – Эл аралык теориялык физика борбору, Escuela Latinoamericana de Redes (EsLaRed) Фондунун президенти

Ксения Тышкевич, Европа Коңшулук Кеңешинин (ENC) Кыргыз Республикасындагы “Бирдей экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жана жаштардын туруктуулугун илгерилетүү” (Санарип Инсан) долбоорунун координатору

Грегуар Пуже, Nothing2Hide компаниясынын негиздөөчүсүнун бири жана башкы директору

Банур Абдиева, Европа Биримдигинин DigiKonush долбоорунун  координатору, Лидер коомдук фондунун жетекчиси

Гүлбарчын Сүйүнова, Жаш Табышкер долбоорунун жетекчиси, “Enactus” Кыргызстан» коомдук уюмунун аткаруучу директору (макулдашуу боюнча)

Сапаргүл Абдинабиева, Европа Биримдигинин «Санарип Инсан»  долбоорунун медиа эксперти

Нурбек Арзымбаев, «Санарип Тазалык» долбоорунун жетекчиси, Tech4Press эл аралык уюму (Франция) менен биргелешкен демилге

15:10 Суроо-жооп жана талкулоо.

15:25 Жыйынтыктоо. Конкурс

«Кыздарга технологиядагы мүмкүнчүлүктөр» онлайн-маектешүүсү

«Кыздарга технологиядагы мүмкүнчүлүктөрү» онлайн-маектешүүсү

28-апрель эл аралык “Маалыматтык-байланыш технологиясындагы кыздар” күнүнүн урматына карата Санариптик Трансформациядагы айымдар, «Р. Отунбаеванын демилгелери» коомдук эл аралык фонду жана Кыргыз Интернет коому биргеликте онлайн-маектешүү өткөрдү. Анда эл аралык жана жергиликтүү эксперттер жана ийгиликтүү айымдар өз тажрыйбаларын бөлүшүп, кыздар үчүн технологиядагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып беришти.

Онлайн-маектешүүнүн негизги баяндамачысы КРнын экс-президенти Роза Исаковна Отунбаева болду. Ал өз сөзүндө кыздардын технологиядагы мүмкүнчүлүктөрү чексиз деп айтты:

«Кыздарга технологиядагы мүмкүнчүлүктөр» деген видео-конференция республикалык деңгээлде биринчи жолу өтүп жатканына кубанычтамын. Биздин фонд 2013-жылдан баштап эле кыздар маалыматтык-технологиялык илим алсын деген демилген менен келе жатабыз. Соңку 2 жылдан бери STEM программабыз жүрүүдө. Анын алкагында Бишкек жана Ош шаарларында 2000ден ашуун окуучу кыздарга 193 адис менторлук кылып, окутуп чыгарды. Ал дагы деле уланып жатат. Бир нече донорлорлук уюмдар, мекемелер бизге жардам берип жатат. «Кыргыз Интернет коомун» дагы Европа Биримдиги колдоп, чогуу иш алып жаратасыздар. Ушундай эле нукта баарыбыз туш-туштан аракет кыла берсек дың жерлерди көтөрүп жаткан болобуз. Анткени технологиялык билимдерсиз биз 21-кылымды багындыра албайбыз»,- деди экс-президент Роза Отунбаева.

Ал эми ЖК депутаты Элвирва Сурабалдиева да сөз сүйлөп, ал кыздардын маалыматтык-технологиялык билим алуусу өтө маанилүү экенин жана кыз-келиндердин таламын парламентте коргоп келе жатканын билдирди. 

Кийинки баяндамачы КРнын Билим берүү жана илим министри А.Бейшеналиев сөз сүйлөп, буларга токтолду:

«Балдардын информациялык-технологиялык билим алуусунун негизги булагы катары биз азыр приоритетти так илимдерден сабак берген мугалимдерге коюп жатабыз. Президентибиздин соңку жарлыгына ылайык, табигый так илимдерден сабак берген мугалимдердин айлык акысы башка мугалимдерге караганда 20% га көтөрүлдү».

Кийинки онлайн талкуунун спикери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу “Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин” директору Нурия Кутнаева болуп, ал өз сөзүндө:

“Биз баарыбыз МКТ идеясын, санариптештирүү жана бул аймактарга кирүүгө жардам берип жайылтышыбыз керек”,- деп белгиледи. Ошондой эле ал бир нече кыздарга санариптик көндүмдөрдү, санариптик коопсуздукту жана МКТ тармагындагы карьералык багытты үйрөткөн насаатчылык программасы менен бөлүштү.

«Кыздарга технологиядагы мүмкүнчүлүктөр» деген аталыштагы онлайн-маектешүүсүнө расмийлерден сырткары бир нече эл аралык жана жергиликтүү эскперттер катышты.

Онлайн-маек учурунда Ташкент-Бишкек «КМШ аймагындагы МКТдагы кыздар» телекөпүрөсү аркылуу КМШ региону боюнча ITU аймактык директору Наталья Мочу жана «Санариптик Трансформациядагы Айымдар уюмунун» негиздөөчүсү Екатерина Громова байланышка чыгып, бул багыттагы эл аралык тажрыйбалар тууралуу кыскача айтып беришти.

Ал эми “Борбордук Азиядагы айымдар жана кыздар үчүн МКТнын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу жергиликтүү эскперттер өз тажрыйбалары боюнча айтып беришти. Алар:

Шайна Крам, АКШ элчилигинин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы; Эл аралык Айтматов фондунун вице-президенти, КР Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты  Ширин Айтматова; Teach for Kazakhstan жана Connect-Ed.kz (Казакстан) негиздөөчүсү Гүлназ Корданова; Startup Accelerator, Tech4Impact компаниясынын негиздөөчүсү (Өзбекстан) Елена Селезнева; “Мутакалим” коомдук уюмунун жетекчиси Жамал Фронтбек кызы; Европа Биримдигинин DigiKonush долбоорунун координатору Банур Абдиева; “Суусамыр FM” коомдук радиосунун директору жана kyrgyzmedia.kg маалымат сайтынын башкы редактору Айзада Калканбекова; Relativity LLC компаниясынын DevOps инженери IT Инфлюенсер Айдана Омурбаева; Кыргыз программалык камсыздоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуучулар ассоциациясынын директорунун орун басары Айпери Ногойбаева; “Санарип Тазалык” санариптик гигиена долбоорунун эксперти Айпери Бозоева; Европа Биримдигинин “Санарип Инсан” долбоорунун медиа эксперти Сапаргүл Абдинабиева; Village Girl долбоорунун координатору Айдай Аманкулова жана Кыргызстандын биринчи космостук программасынын жетекчиси Кызжибек Батырканова катышышты.

Онлайн-маектешүүнүн аягында «Кыргыз Интернет коомунун» негиздөөчүлөрүнүн бири Азиз Солтобаев жыйынтыктап, өз сөзүндө кийинки белгиледи: “Бүгүн биз биргелешкен күч-аракет менен чоң натыйжаларга жетишип, кыздардын МКТда гана эмес, жалпы эле илимде да жетишкендик көрсөтө аларыбызды түшүндүк”. 

Ошондой эле «Кыргыз Интернет коомунун» төрагасы Талант Султанов бардык катышуучуларга рахмат айтып, көрүп жаткан кыздарды маалыматтык-технологиялык билим алууга үндөдү.

«Кыздарга технологиядагы мүмкүнчүлүктөр» онлайн-маектешүүсүнүн максаты, кыздарды, өзгөчө алыска айыл-аймактардагы кыз-келиндерди окууга жана технологиялык билим алууга шыктандыруу. Баштапкы эфир Zoom платформасы аркылуу өтсө, ал “Кыргыз Интернет коомунун» Ютубдагы жана Фейсбуктагы расмий баракчаларынын түз чагылдырылып турду.  Ага өлкөнүн бардык булуң-бурчунан:

Zoom аркылуу- 100 киши

Фейсбук аркылуу- 162 киши

Ютуб аркылуу- 145 киши түз көрүп отурду.

Кыздардын шыктандырган маектердин артынан чакан онлайн-сынак уюштурулду. Анда маалыматтык-технология багытында суроолор берилип, жеңүүчүлөргө IT курсуна сертификат, IT  тармагында иштеген адистерге бекер консультациялар жана китеп, блокнот сыяктуу кызыктыруучу белектер ыйгарылды.

<iframe width=”560″ height=”315″ src=”https://www.youtube.com/embed/IGrjxWTmx34″ title=”YouTube video player” frameborder=”0″ allow=”accelerometer; autoplay; clipboard-write; encrypted-media; gyroscope; picture-in-picture” allowfullscreen></iframe>