Онлайн Форум: «Беш көкүл кыздарга санарип мүмкүнчүлүктөр»

«Беш көкүл кыздарга санарип мүмкүнчүлүктөр» онлайн-форуму

Күнү: 11-октябрь

Сааты: 16:00

Катышуу шилтемеси: 

https://us06web.zoom.us/j/81793333054?pwd=NFpnYWFLbHU5QlNLRDdGTHgyeExHdz09

Онлайн трансляция:

Youtube: https://youtu.be/SwznaSzwsGc
Facebook: https://fb.me/e/2R8WSNez8

 

11-октябрь дүйнө жүзү боюнча «Кыздар күнү» белгиленет. Бул күн кыздардын социалдык көйгөйлөрүнө, алардын жынысына байланыштуу теңсиздигине жана башка түрдүү басмырлоолорго каршы күрөшүүнүн күнү катары белгилүү. Бирок буга катарлаш, кыздардын билим алуусуна жана бакубат турмушуна жол ачкан миңдеген мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтууга, сөз кылууга абдан жакшы ыңгайлуу болгон күн. 

Буга байланыштуу «Интернет коомунун кыргыз бөлүмү» «Беш көкүл кыздарга санарип мүмкүнчүлүктөр» аталышындагы онлайн-вебинар өткөрөт. Анда эл аралык жана Кыргызстандагы таасирдүү жана өзүнүн басып өткөн жолу менен шыктандыра турган айымдар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, кыздардын суроолоруна жооп беришет. Форум Евробиримдиктин “Санарип Инсан” долбоорунун алкыганда уюштурулууда.

«Беш көкүл кыздарга мүмкүнчүлүктөр» деген аталыштагы онлайн-маектешүүнүн максаты, кыздарды колдоо, өзгөчө алыска айыл-аймактардагы кыз-келиндерди билим алууга жана технологиялык илимге кызууга  шыктандыруу болуп саналат. 

Онлайн-маек бей-расмий форматта өтөт, ага өлкөнүн бардык булуң-бурчунан кыз-келиндер, студенттер, мектеп окуучулары жана алардын ата-энелери Zoom  аркылуу катышса болот.

Программасы

  • Уюштуруучулар: “Интернет Коомунун Кыргыз бөлүмү” 
  • Алып баруучу: Сапаргүль Абдинабиева жана Талант Султанов

16:00 Баяндамалар

  • Эльвира Сурабалдиева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты
  • Екатерина Громова, Санариптик Трансформациядагы Айымдар уюмунун негиздөөчүсү
  • Жамал Фронтбек кызы, “Мутакалим” коомдук уюмунун жетекчиси
  • Гулжан Фриндт-Сайдилкан, “International Consulting LLC” уюмунун негиздөөчүсү, программист. (Германия)
  • Назира Айтбекова, журналист, блогер 
  • Айдай Амангулова, “Айылдык кыз” долбоорунун тең-төрагасы
  • Съездбек Таштекеев, “Шахмат боюнча өспүрүмдөр спорт мектебинин” жетекчиси, шахмат боюнча дүйнө чемпиондорун даярдаган ата.
  • Айпери Бозоева, “Tech4society” долбоорунун эксперти (https://isoc.kg/tech4society-3/
  • Ажыбек Нурланов, “IlimBox.kg” долбоорунун менеджери

Талкулоо жана жыйынтыктоо.