Киберкоопсуздук боюнча онлайн тренинг

2022-жылдын 30-июнунда “Онлайн жамааттардын Акселератору” долбоорунун алкагында Киберкоопсуздук боюнча онлайн тренинг өттү, коноктордун спикери катары Tech4Society командасынын мүчөсү Халил Ибрахим Билгич чыкты. Ал кибер коопсуздук, интернет гигиенасы, онлайн режиминде коопсуз иштөө жана бейөкмөт уюмдар үчүн башка пайдалуу жана керектүү маалыматтар менен бөлүштү. Ошондой эле, ал долбоор жөнүндө айтып берди жана кибер коопсуздук боюнча окутуу иш-чараларын уюштуруу маселелери жана НКО үчүн веб-кызматтарды акысыз сканерлөө мүмкүнчүлүгү боюнча байланыштар менен бөлүштү.

Иш-чаранын катышуучулары: ар түрдүү тармактарда иштеген бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү: жамааттык ЖМК Ассоциациясы, TB people КФ, текайым КФ, Коомдук талдоо институту, жарандык өнүгүү борбору, “Шоола Көл” КФ эрте кийлигишүү боюнча.

“Онлайн жамааттардын Акселератору” программасынын алкагында 11 коучинг сессиясын, ошондой эле онлайн кампанияларды баштоо үчүн насаатчылык сабактарын өткөрүү пландалууда. Долбоордун катышуучулары тренингдерде өткөн темаларга көңүл буруп, аларды онлайн кампанияларды өткөрүүдө колдонушат. 11-июлдан баштап бардык катышуучулар онлайн кампанияларын ар кандай онлайн платформалар жана социалдык медиа аркылуу башташат.

_________________
Биз менен кибер коопсуздук жөнүндө көбүрөөк маалымат билгиле.
Киберчабуулдардан коргонуңуз, Tech4Society кайрылыңыз!