Нарын облусундагы эң алыс жайгашкан жана жетүүсү татаал болгон Кырчын айылы интернет менен камсыз кылынды

Интернет коомчулугунун жамааттык интернет түйүндөрүн илгерилетүү боюнча глобалдык демилгесинин алкагында биз Нарын облусунун Кырчын айылындагы алыскы тоолуу калктуу конушунда зымдуу интернет пайда болгондугун кубануу менен билдиребиз. Калктуу конушка чейин оптикалык була тармактарын төшөө боюнча бардык зарыл болгон техникалык иштер жүргүзүлдү. 

Жумгал районуна караштуу Кырчын айылында 18 түтүн, 100гө жакын адам отурукташкан. Бүгүнкү күндө Кырчындагы ар бир үйдө жогорку ылдамдыктагы интернет пайда болду, жашоочулар Интернет кызматтарынан толук пайдаланууга, ал эми зарыл болгон учурда балдар аралыктан билим алууга мүмкүнчүлүк алышты.


Арал айылындагы мектепке 3 чакырым жөө барган Кырчындын 22 окуучусу үчүн интернеттин пайда болушу чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачты. Күзүндө, жазында мектепке баруу тоскоолдуксуз болгону менен бул айылдагы кыш абдан ызгаардуу. Окуучулар мектепке ээн, кай бир учурларда жапайы жаныбарларды байкаган автоунаа жолу менен барышат. Пандемия учурунда сигналды кармоо жана керектүү окуу материалдарын жүктөө үчүн жакынкы тоого чыгууга мажбур болушкан.

“Интернеттин биздин айылда пайда болушу менен билим алуу алда канча жеңилдеди. Китептердин жетишсиздигинен үй тапшырмаларын аткарууда  бири-бирибиздин үйүбүзгө барууга туура келчү. Бүгүнкү күндө жөн гана сүрөткө тартып, WhatsApp аркылуу жөнөтүп коёбуз. Менин апам Бишкекте иштейт, биз аны сагынган учурда байланыша алчу эмеспиз. Эми апам менен күндө сүйлөшөбүз. Беш жылдан бери Москвада иштеген агама да жеңил болду. Агам менен дагы күн сайын байланышып турабыз жана анын бизге акча жөнөтүүсү да интернет аркылуу жеңилдеди” дейт  жаштагы Кырчын айылынын тургуну Тахмина.

“Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмүнүн” адистери Кырчын айылынын окучуулары 3км жөө барып окуган Арал айылындагы мектепте болдук. “Илимбокс” долбоорунун алкагында мектептин китепканасына экология, география жана белгилүү адамдардын биографиясы, ийгиликке жетүү жолдору жазылган шыктандыруучу 100 китеп жана жалпы тургундар Интренеттен максималдуу түрдө пайда алуусу, санарип сабаттуулугун жогоруталуусу үчүн GSMA Foundation Mobile Internet Skills Training Toolkit методологиясы боюнча кыргыз, орус тилдеринде иштелип чыккан “Мобилдик Интернет көндүмдөрүн үйрөтүүчү куралын” тапшырдык.

“Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмүнүн” миссиясы жалпыга пайдалуу интернет болуп саналат. Биз Кыргызстанда активдүү түрдө коомдук интернет байланыштарынын туруктуу моделдерин орнотуп келет. Буга чейин кышкысын 50 градуска чейин суук болгон Суусамыр өрөөнүнүн тургундары жана 5-8 саат эшектер менен гана жетүүгө мүмкүн болгон, электр жарыгы жок Баткен облусунун алыскы Зардалы айылынын тургундары үчүн да зымдуу интернет байланышын камсыз кылганбыз.

Долбоор Internet Society Foundation аркылуу каржыланат.