Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында эки күндүк тренингге кабыл алууну жарыялайбыз

Кыргызстандын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары кыска убакыттын ичинде ысык өрөөнгө барып, канттуу коон жана дарбыздан даам татып, тоо капчыгайларын сылаган салкын жел менен жетелешип басып, мөмө-жемиш бадалдарынын жана жаңгак-жемиш бактарынын көп сандаган белектери менен таанышып, гүлдөгөн шалбааларга чыгып, акыры колуң карга жете турган жер. Бул жана башка өзгөчөлүктөр өз кезегинде, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан туристтердин кызыгуусун арттырып, өрөөндүн жашоочулары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

“Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишкерликти чыңдоого жана аймактарда чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган жогоруда аты аталган облустарда “санариптик туризм” платформаларын окутуу боюнча тренингге кабыл алууну жарыялайт.

Эки күндүк тренингде сиздер Instagram, Facebook социалдык тармактарын жана Whatsapp Business мессенджерлерин бизнесте эффективдүү колдонууну, Google Maps, 2ГИС карталарын колдонуу жана ага катталууну, Booking.com, Airbnb, TripAdvisor.com аянтчасында аккаунттарды ачуу, Shelter PMS, Edelweiss, Fidelio сыяктуу мейманканалардын автоматтык системаларын жана WebPMS Travelline мейманкананы башкаруу системасын алып барууну үйрөнө аласыздар.

Бул долбоорду АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги каржылаган. Бул жерде айтылган пикирлер, тыянактар же сунуштар авторлордун пикирин билдирет жана сөзсүз түрдө АКШнын КРдагы элчилигинин көз карашын чагылдырбайт.