Аймактардан келген тренерлер үчүн эки күндүк тренинг жыйынтыкталды

“Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен аймактардагы ишкерликти чыңдоо жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган долбоордун алкагында “Санарип туризм” тармагында мыкты эксперт, тренерлерди даярдоо боюнча эки күндүк окутууларын жыйынтыктады.

“Санарип туризм” тармагындагы бул окутууларга Кыргызстандын 10 аймагынан катышуучулар тандалып алынып, оффлайн форматта Бишкек шаарында санарип туризм жана санарип маркетинг тармагындагы мыкты адис, эксперттерден Google Business, Google Maps, 2GIS, Booking.com, Airbnb, Shelter, Travelline PMS, Edelweiss PMS жана санарип маркетинг боюнча: WhatsApp Business,Instagram, Facebook тууралуу терендетилген маалымат алышты.
Тренингдин жыйынтыгы менен бардык катышуучуларга сертификат ыйгарылды.

<iframe width=”560″ height=”315″ src=”https://www.youtube.com/embed/Y3-x20YW3D0?si=SzXPc514fESiyHX6″ title=”YouTube video player” frameborder=”0″ allow=”accelerometer; autoplay; clipboard-write; encrypted-media; gyroscope; picture-in-picture; web-share” referrerpolicy=”strict-origin-when-cross-origin” allowfullscreen></iframe>

ЭСКЕРТҮҮ: Ар бир катышуучу тренингден соң “Санарип Инсан” долбоору менен кызматташууга кол коюп, өз аймагындагы жаштар, кыз-келиндер менен алган билимин бөлүшүп, жогоруда аты аталган платформаларда катталууга көмөк көрсөтөт.

Бул долбоорду АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги каржылаган. Бул жерде айтылган пикирлер, тыянактар же сунуштар авторлордун пикирин билдирет жана сөзсүз түрдө АКШнын КРдагы элчилигинин көз карашын чагылдырбайт.