Туризм тармагында санарип платформаларды окутуу тренинги ОШ, Жалал-Абад жана Баткен облусунан старт алды

“Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен аймактардагы ишкерликти чыңдоо жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган долбоордун алкагында “Санарип туризм” тармагында аймактардагы 500 айымга окутууларды баштады.

Долбоордун алкагындагы алгачкы тренингдер Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунун айыл, шаарларында 10-марттан 17-мартка чейин өткөн жана ага жергиликтүү 180 кыз-келин, жаштар жана конок үй ээлери катышып, төмөнкү көндүмдөргө ээ болушту:

MISTT (Mobile Internet Skills Training Toolkit) методологиясы боюнча санариптик билимге, Instagram, Facebook, Whatsapp Business мессенджерлери сыяктуу социалдык тармактарды колдонууну, Google Maps, 2GIS карталарында конок үйлөрүн кантип белгилөө керектигин,

Booking.com, AirBnB бөлмөлөрдү ээлөө платформаларында кантип катталууну жана колдонууну, TripAdvisor.com сын пикир веб-сайтын жана ошондой эле WebPMS Travelline мейманканасын башкаруу системасы менен иштөөнү үйрөнүштү.

Долбоордун негизги максаты – 500 айымдын экономикалык бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн санариптик туризм платформалары жаатындагы билимин жана көндүмдөрүн кеңейтүү.

<iframe width=”560″ height=”315″ src=”https://www.youtube.com/embed/OgyZSaVzm1s?si=FKeez5hyCSwuN39N” title=”YouTube video player” frameborder=”0″ allow=”accelerometer; autoplay; clipboard-write; encrypted-media; gyroscope; picture-in-picture; web-share” referrerpolicy=”strict-origin-when-cross-origin” allowfullscreen></iframe>

Бул долбоорду АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги каржылаган. Бул жерде айтылган пикирлер, тыянактар же сунуштар авторлордун пикирин билдирет жана сөзсүз түрдө АКШнын КРдагы элчилигинин көз карашын чагылдырбайт.