Аймактардагы тренерлер үчүн тренинг

“Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен аймактардагы ишкерликти чыңдоо жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган долбоордун алкагында “Санарип туризм” тармагында мыкты эксперт,  тренер болууну каалаган 7 облусттун өкүлдөрүнө эки күндүк окутуу өткөрөт.

Биздин эки күндүк окутуу аркылуу сиз Google Business, Google Maps, 2GIS, Booking.com, Airbnb, Shelter, Travelline PMS, Edelweiss PMS жана WhatsApp Business, Instagram, Facebook сыяктуу саякат индустриясы үчүн маанилүү алдыңкы санарип платформалары менен иштөө көндүмдөрүн жогорулатып, бул көндүмдөрдү башкаларга окутуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуңуз.

Бул окутуу аркылуу сиз коучинг көндүмдөрүңүздү дагы байытып, интерактивдүү жана кызыктуу кылып, жогорку профессионалдык деңгээлде өткөрүүнү үйрөнөсүз.

Эскертүү: Тренингден кийин уюм менен келишим түзүүгө даяр жана долбоор менен бирге өз аймактарында тренингдерди өткөрүүгө макул болгон жарандарга катышууга мүмкунчүлүк берилет. Тренер болууну каалагандар ар бир облустан тандалып алынат, орундар чектелүү.

Эки күндүк окутууну аяктагандан кийин биз менен келишим түзүп, долбоор менен бирге аймактарда тренингдерди өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз.
(ар бир өткөрүлгөн тренингге келишимдин негизинде акы төлөнүп берилет)