Кыргызстандын 10 аймагынан келген тренер/эксперттер “Санарип туризм” багытында билимин жогорулатышты

“Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмүнүн“ АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен “Санарип туризм” боюнча тренингинде аймактардан келген 10 тренер/эксперт туризм жаатында санарип билимин өркүндөтө алышты.

Booking, Airbnb, Google Busines, Google Maps, WhatsApp Business, Instagram, Facebook сыяктуу алдыңкы санарип платформалары менен иштөө көндүмдөрүн жогорулатышты. Онлайн буйрутмаларды ийгиликтүү багыттоо, сын-пикирлер, картографиялык кызматтарды колдонуу жана кардарлар менен эффективдүү өз ара аракеттенүү куралдарын өздөштүрүштү.

Жакынкы арада тренерлер 500 айымга санарип көндүмдөрүн жана туризм платформалары менен колдонууну өз аймактарында окутууга даяр. Бул өз кезегинде айымдардын экономикалык бакубаттуулугун жакшыртуу жол ачып жалпы жашоо деңгээлин жогорулатууга жардам берет.

Бул долбоорду АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги каржылаган. Бул жерде айтылган пикирлер, тыянактар же сунуштар авторлордун пикирин билдирет жана сөзсүз түрдө АКШнын КРдагы элчилигинин көз карашын чагылдырбайт.