“Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” Санарип туризм багытындагы окутуулары менен Чоң Кемин айылында

“Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен аймактардагы ишкерликти чыңдоо жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган долбоордун алкагында “Санарип туризм” тармагындагы тренингдери менен Чоң Кемин айылында болду.

Тренингдин өзгөчөлүгү ар бир 10 аймакта өз жеринен тренерлери 2023-жылдын ноябрь айында оффлайн форматта Бишкек шаарында “Санарип туризм” тармагындагы билимин жогорулатып, алган билими менен кайрадан өз аймактарында жаштар, кыз-келиндер жана конок үй ээлерине бөлүшүүсү болду.
Чоң Кемин айылында өткөн тренингге жергиликтүү 23 кыз-келиндер, жаштар жана конок үй ээлери катышышты.

Катышуучулар 1-күндүк тренингде Google Maps, 2ГИС карталарын колдонуу жана ага катталууну, Booking.com, Airbnb, TripAdvisor.com аянтчасында аккаунттарды ачуу, мейманканалардын автоматтык системаларын жана WebPMS Travelline мейманкананы башкаруу системасын алып барууну жана Instagram, Facebook социалдык тармактарын жана Whatsapp Business мессенджерлерин бизнесте эффективдүү колдонууну үйрөнө алышты.

Биздин максат – өлкөбүздүн алыскы, тоолуу аймактарындагы 500 айымдын санариптик сабаттуулугун жогорулатуу менен алардын экономикалык кез карандысыздыкка, бакубат жашоого умтулуусуна көмөктөшүү.

Бул долбоорду АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги каржылаган. Бул жерде айтылган пикирлер, тыянактар же сунуштар авторлордун пикирин билдирет жана сөзсүз түрдө АКШнын КРдагы элчилигинин көз карашын чагылдырбайт.