Announcing enrollment for training on the use of digital platforms in tourism in Naryn region

Нарын нукура кыргыз жыттанган Кыргызстандын эң кооз аймактарынын бири. Таш-Рабат, Соң-Көл, Чатыр-Көлдү карап, чындыгында бейиште жүргөндөй сезимдерге арбаласыз. Нарынга келген туристтер нукура кыргыз азыктарынан тартып, кол өнөрчү апаларыбыздын эмгектерине, кол тийбеген табияттын курчоосунда жашап жаткан элибизге суктанып кетишет. Бул өз кезегинде Нарын жергесиндеги жаштар, кыз-келиндер жана конок үй ээлери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Ошондуктан “Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен аймактардагы ишкерликти чыңдоо жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган долбоордун алкагында “Санарип туризм” тармагында билим алууга Нарын облусунун жашоочулары үчүн катталууну баштайт.
Эгер сиз туризм тармагындагы эмгектенсеңиз, өз конок үйүңүз бар жана ачууну пландап жатсаңыз, ошондой эле туризм тармагында иштеген эксперт/тренерлер болсоңуз, анда биздин тренингге катышыңыз.

1-күндүк тренингде сиздер Google Maps, 2ГИС карталарын колдонуу жана ага катталууну, Booking.com, Airbnb, TripAdvisor.com аянтчасында аккаунттарды ачуу, мейманканалардын автоматтык системаларын жана WebPMS Travelline мейманкананы башкаруу системасын алып барууну жана Instagram, Facebook социалдык тармактарын жана Whatsapp Business мессенджерлерин бизнесте эффективдүү колдонууну үйрөнө аласыз.

Бул долбоорду АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги каржылаган. Бул жерде айтылган пикирлер, тыянактар же сунуштар авторлордун пикирин билдирет жана сөзсүз түрдө АКШнын КРдагы элчилигинин көз карашын чагылдырбайт.