Санарип туризм” платформаларын колдонуу тренингине катталууну жарыялайбыз

“Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан аймактардагы ишкерликти чыңдоо жана чакан бизнести өнүктүрүүгө багытталган “Санарип туризм” платформаларын колдонуу тренингине катталууну жарыялайбыз.

Эгер сиз туризм тармагындагы эмгектенсеңиз, өз конок үйүңүз бар жана ачууну пландап жатсаңыз, ошондой эле туризм тармагында иштеген эксперт/тренерлер болсоңуз, анда биздин тренингге катышыңыз.

1-күндүк тренингде сиздер Google Maps, 2ГИС карталарын колдонуу жана ага катталууну, Booking.com, Airbnb, TripAdvisor.com аянтчасында аккаунттарды ачуу, мейманканалардын автоматтык системаларын жана WebPMS Travelline мейманкананы башкаруу системасын алып барууну жана Instagram, Facebook социалдык тармактарын жана Whatsapp Business мессенджерлерин бизнесте эффективдүү колдонууну үйрөнө аласыз.

Бул долбоорду АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги каржылаган. Бул жерде айтылган пикирлер, тыянактар же сунуштар авторлордун пикирин билдирет жана сөзсүз түрдө АКШнын КРдагы элчилигинин көз карашын чагылдырбайт.