Санарип Инсан долбоору аймактарда өз окутууларын баштады

9-10-ноябрда Нарын облусунун Кочкор айылында “Жаштардын бирдей мүмкүнчүлүктөрүн жана туруктуулугун илгерилетүү” (Санарип Инсан) долбоорунун алкагында жарандарга санарип көндүмдөрдү окутуу тренингдери  башталды.

ПРЕСС-РЕЛИЗ

ПРОГРАММА

ПОСТ-РЕЛИЗ

СҮРӨТТӨР

9-ноябрь окутуулардын алгачкы күнүндө ачылыш аземи болуп, иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Адамалиев Азамат Николаевич катышып, өз сөзүндө төмөндөгүлөргө токтолду: “Бул окутуулар Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Келечек” жаштар платформасы “Санарип Инсан” долбоору менен биргеликте аймактардагы туризм тармагында эмгектенип жаткан жарандарга туризм тармагына тиешелүү санарип көндүмдөрдү үйрөтүп, сабаттуулугун жогорулатууга багытталган. Тренингдер мындан ары өлкөбүздүн башка аймактарында да уланат. Сиздерге пайдалуу болот деп ишенем.”

Андан соң “Санарип Инсан” долбоорунун координатору Азиз Солтобаев сөз сүйлөп, долбоордун максаты тууралуу айта кетти: “Бул жерден Турдакун Усубалиев, Айсулуу Тыныбекова сыяктуу белгилүү адамадар чыккан. Айсулуу дүйнө жүзүнө Кыргызстанды гана эмес, Нарын облусун, анын ичинде Кочкор районун таанытты, туристтердин кызыгуусун арртырды. Ошол себептен жергиликтүү калктын интернет айдыңында туристтердин буюртмаларын кабыл алуу, тейлөө, конок үйлөрүнө жайгаштыруу боюнча кызмат көрсөтүүнү билүүсү керек. Мисалы, азыркы күндө СММ адистиги бар, ал Facebook, Instagram, Tik-Tok, Whatsapp, Telegram сыяктуу платформаларды бизнести таанытуу, жайылтуу үчүн колдонгон адис. Алар бир эле долбоордон 200-500$ га чейин алышат. Сиздер да Кочкордо эле отуруп башка аймактарга, жок дегенде жергиликтүү мейманканаларга, конок үйлөрүнө өзүңөрдүн кызматтарыңарды көрсөтсөңүздөр болот. Ал эми “Санарип Инсан” долбоору Евробиримдиктин каржылоосу менен аймактардагы жаштардын санарип сабаттуулугун жогорулатып, алардын жашоо деңгээлин жакшыртууну максат кылып келет жана ал ишке ашат деп ойлойм.”

     “She starts” коомдук фондунун аткаруучу мүдүрү Айзада Усупова өз сөзүндө: “Бул окутуулар “Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү” менен “She starts” долбоору биргеликте ишке ашырып жатат. Бул иш-чара “Жаштар күнүнүн алкагында өткөрүлүп жатат. Сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайбыз жана тренинг жемиштүү болот деп ишенебиз”,- деди.

 

Андан соң тренинг башталып, ментор Назира Мийнекеева өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, туризмге тиешелүү санарип көндүмдөрдү  катышуучулар менен биргеликте иш жүзүндө аткарышты. Мисалы, Google; Airbnb; Tripadvisor; Booking.com ж.б.у.с. платформаларда катталуу эрежелерин, ал платформаларда алдыңкы саптарга кантип чыгуу керектигин, төлөмдөрдү аткарууну, кокус кандайдыр бир көйгөй жаралып калса ар бир платформанын кызмат көрсөтүү операторлору менен байланышуу жолдорун үйрөнүштү. Жыйынтыгында окутууга катышкан жыйырмадай катышуучу үйүнөн чыкпай санарип көндүмдөрдүн жардамы менен конок үйлөрүн дүйнөгө таанытуу менен өзүнө кардаларды табууну өздөштүрүштү. 

10-ноябрь күнү интернет-маркетинг боюнча менторлор Айбек Куренкеев жана Нурлан Маннапов “Социалдык тармактар” тууралуу айтып, катышуучуларга ишкердүүлүктү алдыга жылдыруудагы маанисин мисалдарга таянып көрсөтүштү. Катышуучулар иш жүзүндө Facebook, Instagram, Tik-Tok платформаларын, ошону менен катар Google статистика, WhatsApp, Telegram месенджерлери менен иштөөнү да үйрөнүштү. Жыйынтыгында ар бир катышуучу социалдык тармактарда бизнес-баракчаларын түзүп, аларды месенджерлер менен байланыштырып, шилтемелерди жөнөткөндү өздөштүрүүгө жетишишти.

Эки күндүк тренингге 20дан ашык жаран катышып, алардын арасында жаштар, кыз-келиндер жана ишкерлер болду. Жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. 

Бул тренинг “Санарип инсан” долбоорунун аймактарда баштаган окутууларынын алгачкысы. Мындан ары атайын тренингдер өлкөбүздүн башка аймактарнында алдыдагы 4 ай ичинде уланат.

«Санарип Инсан» долбоору Европа Коңшулук Кеңеши менен «Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмү» (Айсок) бирикмеси тарабынан ишке ашырылып жатат. Аны Европа Биримдиги каржылоодо.

<iframe width=”560″ height=”315″ src=”https://www.youtube.com/embed/ROx22pH9TiU” title=”YouTube video player” frameborder=”0″ allow=”accelerometer; autoplay; clipboard-write; encrypted-media; gyroscope; picture-in-picture” allowfullscreen></iframe>

Долбоор боюнча кошумча маалыматты төмөнкү телефон аркылуу алса болот:
+996 755 330 335 жана e-mail:  [email protected]
«Бул <веб сайт/кат> Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалган. Бул басылманын мазмуну Европалык Коңшулук Кеңешинин (ENC) / “Айсок Кыргызстан Интернет Коому” коомдук бирикмесинин жоопкерчилигинде жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.