Санарип Ишкердик

Күнү: 27 январь
Сааты: 16:00

Спикер: Таалай Абдраимов – бизнес жана санарип ишкердик боюнча тренер, консультант. Финансы секторунда жана банк секторунда чоң тажрыйбага ээ, ошондой эле эл аралык долбоорлор жана уюмдар менен иштеген.

Салам достор! Алдыдагы постто сиздерди “Санарип ишкердик” деген түшүнүк менен тааныштырууга аракет кылдык. Ал эми сиз бул түшүнүк менен кененирээк таанышып, бизнесиңизди санариптештирүүгө кызыктар болсоңуз же санарип ишкердикте карьера жасоону ойлонуп жатсаңыз, анда биздин кезектеги вебинарды калтырбай көрүүнү сунуштайбыз. Вебинардын коногу Таалай Абдраимов бизнес жана санарип ишкердик боюнча тренер, консультант. Ал көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүшүп, кеңештерин сунуштайт.